2026/27-окуу жылынан баштап Кыргызстандын мектептеринин 8-класстарында предпрофилдик даярдык куралы киргизилип, жумасына 2 саатка (жылына 68 саат) окутулат. Бул жаңы компонент Кыргыз билим академиясы тарабынан иштелип чыккан 15 программаны камтыйт.
Предпрофилдик окуу программалары
- Математика (тереңдетилген окуу)
- Математиканын күнүмдүк турмуштагы ролу
- Кыргыз жараны: тарых, коом, укук, экономика
- Гуманитардык навигатор: тексттен мааниге
- Ден соолук жана жашоо көндүмдөрү
- Физика, астрономия (тереңдетилген окуу)
- Физикадагы эксперименттер
- Химия (тереңдетилген окуу)
- Химиянын турмушка тиешеси
- Инженердик технологиялар
- Арт-мастерская: искусство, кол өнөрчүлүк жана музыка
- Кыргыз күрөшү
- Тогуз коргоол
- Биология: адам жана ден соолугу (тереңдетилген окуу)
- Экотууризм маданияты
Бул программа окуучуларга өз кызыкчылыктары менен жөндөмдөрүн аныктап, 10-12-класстардагы кесиптик багытын өз алдынча тандап алууга жол ачат. Окутууда мини-практикумдар, кесипти тандоого багытталган иш-аракеттер, диагностика жана тесттер, долбоордук изилдөөлөр өз ордун табат.
Предпрофилдик даярдыкка катышуу милдеттүү жана окуучулар үчүн акысыз болот, ал эми мугалимдерге айлыгы төлөнөт.








