Ысык-Көлдө балык корун жасалма жол менен көбөйтүү иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, адистер ысык-көл форелинин 300 миң уругун алышты. Алар жасалма уруктандыруу этабынан өтүп, атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштырылууда.

Бул иштерди Балык өнөр жай комплекси департаменти жүргүзүүдө. Иш-чаралар 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик балык чарба сууларындагы балык корун жасалма жол менен көбөйтүү боюнча бекитилген план-прогнозго ылайык, ошондой эле департаменттин Аймактык акклиматизация жана балык өстүрүү-көбөйтүү бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.

Документ Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган.