Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жети айында экспорттолгон балык көлөмү 746,7 тоннаны түздү. Бул сан 2025-жылдагы көрсөткүчтүн 87% түзөт.
Мурунку жылы өлкөдөн 857,6 тонна балык продукциясы экспорттолгон.
Азыркы учурда өлкөдөн балык негизинен Россия жана Казакстан рыногуна сатылууда.
Кыргызстанда балыкты экспорттоо менен 9 ишкана алектенет. Алардын продукциясы ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга жооп берип, эл аралык стандарттарга ылайык чыгарылат.












