Нарын шаарында жаңы беш мини-футбол талаасы пайда болду. Бул спорттук объекттер Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулган.
Жаңы ачылган аянтчалар балдардын жана жаштардын футболго болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле дени сак жашоо образын жайылтуу максатында курулган. Бул демилгенин алкагында Нарын облусунун аймагында жалпысынан жаңы талаалар курулуп бүткөн.













