Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана жол шарттарынын начарлашына байланыштуу үч автожол тилкеси убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Кайсы жолдор жабылды?
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, төмөнкү аралыктарда кыймыл чектелди:
- Казарман – Жалал-Абад жолунун 0–52-чакырым аралыгы (Тогуз-Торо районундагы Сары-Кыр ашуусу)
- Нарын – Орук-Там жолунун Эки Нарын айылынан (50-чакырым) Капчыгай бөлүгүнө (75-чакырым) чейинки тилкеси
- Ат-Башы – Кында – Торугарт жолунун 0–225-чакырым аралыгы (Ат-Башы районундагы Кында ашуусу)
Аталган жолдор аба ырайынын начарлашынан улам коопсуз жүрүүгө мүмкүн болбогондуктан жабылды. Жолдорду кайра ачуу аба ырайына жана жолдун абалына жараша жаз айларында пландалууда.










