2027-жылы ЕАЭСТен төрагалык кылуу Кыргызстанга соода тоскоолдуктарын жоюу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда ЕАЭСТен ишкердик кеңештин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев айтты.
Анын айтымында, республика бирликтин күн тартибин аныктап, жыйындарды башкарууга мүмкүнчүлүк алат. Бул болсо соода тоскоолдуктарын жокко чыгарууну натыйжалуураак талап кылууга жол ачат.
Бирликтин потенциалын колдонуу деңгээли
- Колдонулган потенциал — 30 %
Данил Ибраев
Ибраев ЕАЭСТ бүгүнкү күндө өз потенциалын болгону 20–30% гана колдонуп жатканын белгиледи. Учурда кыргызстандык товарлар кошумча текшерүүлөрдөн өтүүгө туш болуп, бирдиктүү реестрдеги сертификаттарга ишеним аз болуп жатат.
Төрагалык жылында Кыргызстан тоскоолдуктар менен активдүү күрөшөт жана бул маселелер боюнча натыйжалуулук жогорулайт деп ишенет.











