Кыргызстанда аялдардын ишкердикке катышуусу жана аларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, аялдар жеңилдетилген насыялоо программасынын катышуучуларынын арасында 71,7% түзөт.

19-ноябрда Экономика жана коммерция министрлигинде Эл аралык аялдардын ишкердиги күнүнүн алкагында атайын кеңешме болуп өттү. Анда аялдардын бизнесин колдоо жана алардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралды.

Насыялоо боюнча негизги көрсөткүчтөр

5,52 млрджеңилдетилген насыялардын суммасы (сом)
71,7%насыя алуучу аялдардын үлүшү
54,3%2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бизнес-насыялардын үлүшү

Кеңешме учурунда катышуучулар узак мөөнөттүү каржылоо, жабдууларды сатып алуу, заманбап технологияларды киргизүү, кепилдик колдоо жана лизинг мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле ишканалардын өсүшү жана экспортко чыгуусу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин активдештирүү маселеси да каралып, катышуучуларга бизнес үчүн зарыл болгон конкреттүү демилгелерди даярдоо сунушталды.