ПРООНдун 2023-2027-жылдарга арналган Кыргызстандагы гендердик теңдик стратегиясы аялдардын жана кыздардын өлкөдө эркектерге караганда көптөгөн чектөөлөргө дуушар экенин белгилейт. Аларга укуктарга, мүмкүнчүлүктөргө жана ресурстарга жетүүдө тоскоолдуктар көп болуп жатат.

Стратегиянын негизги максаттарынын катарында аялдарга карата зомбулукту токтотуу, стереотиптерди жеңүү, эмгек рыногундагы гендердик ажырымды азайтуу жана аялдардын саясатта жана чечим кабыл алууда катышуусун жогорулатуу турат.

Кыргызстанда эркектер менен аялдардын билим алыш жана окутуу деңгээлинде дээрлик теңдик орногон алекени, экономикалык жана саясий тармактарда да чоң айырмачылык бар.

Кыргызстанда экономикалык активдүүлүк

48%аялдар
75%эркектер

Аталган айырмачылыктын себеби катары патриархалдык каада-салттар, үй иштеринин тең эмес бөлүштүрүлүшү, гендердик стереотиптер, аялдар үчүн жумуш жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, стратегияда гендердик маселелерди мамлекеттик программаларга киргизүүнүн жетишсиздиги, бул чаралар үчүн каржылоонун аздыгы жана аялдардын жетекчилик кызматтарда аз болушу да көйгөйлөр катары белгиленген.

ПРООН ошондой эле үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукту токтотуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы, жабыркагандарды коргоо жана так статистиканы чогултуу жаатында көйгөйлөр бар экенин белгиледи.