Экономика министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиевдин билдирүүсүнчө, жеңилдетилген кредит берүү программасы ушул жылдын 12-январында кабыл алынган. Бул чара аркылуу өлкөдөгү артыкчылыктуу тармактарды, атап айтканда, тигүү тармагын колдоо каралган.

Тигүү тармагында жумуш менен камсыз болгондордун 95 пайызынан ашыгы аялдар экени белгиленди. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн аял ишкерлерди колдоо маанилүү ролду ойнойт.

7,73млрд сом
95%тигүү тармагындагы аялдардын үлүшү

Аталган аял ишкерлерди колдоо программасы 2021-жылы кабыл алынып, 2022–2026-жылдарга эсептелген. Учурда бул программа аяктап жатат. Кыргызстан кошуна жана постсоветтик өлкөлөрдүн арасында «аял ишкер» түшүнүгүн мыйзамда биринчилерден болуп бекиткен мамлекеттердин бири болуп саналат.

Учурда улуттук статистика комитети аял ишкерлердин санын жана алардын ишмердүүлүгүн эсепке алууну баштады. Ошондой эле Улуттук банк мамлекеттик кредиттерди алуучулардын арасындагы аялдардын үлүшүн аныктап бере алат. Мындай эсепке алуу маалыматтарды талдоо жана туура чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл.