Өкмөт тарабынан бекитилген программанын алкагында экологиялык абалды жакшыртуу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтуу каралган. Ошондой эле документ «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн мындан ары да өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоосу менен ден соолугу үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Программа менен бирге иш-чаралар планы, максаттуу көрсөткүчтөр, мониторинг жана баалоо индикаторлору, ошондой эле зарыл ресурстардын алдын ала эсеби бекитилди.

Мамлекеттик органдар, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш-чаралардын аткарылышын жана белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Алар аткарылган иштер тууралуу ар бир жарым жылда отчет беришет.

Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, тиешелүү органдарга бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каралат.