Учурда өлкөдө кош бойлуулар текшерүүдөн бирдиктүү графиксиз жана клиникалык протоколдорсуз өтүшөт. Бул патологиялардын кеч аныкталышына алып келип, өз убагында медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн чектейт. Жаңы система ушундай кемчиликтерди жоюуга багытталган.
Скринингдин этаптары
Программа эки негизги текшерүүнү камтыйт: УЗИ жана биохимиялык анализдер. Биринчи скрининг кош бойлуулуктун 11–13 жумасында, экинчиси 18–21 жумасында өткөрүлөт. Эгерде жыйынтыктар патологиянын жогорку коркунучун көрсөтсө, аял генетикке кеңешүүгө жана тереңдетилген текшерүүгө жөнөтүлөт. Зарыл болгон учурда диагноз инвазивдик ыкмалар менен такталат.
Аймактарда атайын борборлор ачылат
Ар бир облуста ири медициналык мекемелердин базасында бирден адистештирилген скрининг борбору ачылат. Алар эксперттик класстагы УЗИ аппараттары жана автоматтык биохимиялык анализаторлор менен жабдылат.
Бирдиктүү санариптик база
Программанын алкагында бирдиктүү санариптик маалымат базасы түзүлөт. Ал ар бир кош бойлуунун текшерүүдөн өтүшүн көзөмөлдөөгө, скринингдин мөөнөттөрүн тактоого жана акушер-гинекологдор менен неонатологдордун ортосунда маалымат алмашууга мүмкүндүк берет.
Программаны каржылоо үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүнөт. Алар адистерди даярдоого, жабдууларды сатып алууга жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат.

















