Министрликтен билдиришкендей, тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле GIZдин «Жашыл портфель» алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышы каралды.
Өзгөчө көңүл аймактык программага бурулду. Бул программа Борбор Азия өлкөлөрүнө климаттык тобокелдиктерди башкарууда жардам берүүгө багытталган.
Каржылоонун көлөмү жана багыттары
Кол коюлган кошумча документке ылайык, Германия 13 миллион еврого чейин, ал эми Улуу Британия 8 миллион фунт стерлингге чейин каражат бөлөт. Бул акча Борбор Азиянын беш өлкөсүндө климаттык тобокелдиктерди башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча потенциалды чыңдоого жумшалат.
Долбоорго бөлүнгөн каражат
Документ «Борбор Азияда климаттык тобокелдиктерди башкаруу» программасы боюнча келишимдин биринчи кошумча документи болуп саналат. Ал аймактагы климаттык демилгелерди мындан ары да колдоону карайт.


































