Таш көчкү туристтер тобунун Бокс чокусунан ылдый түшүп келе жаткан учурунда болгон. Бул коркунучтуу учур видеого тартылып алынган.
Видеонун автору билдиргендей, бир маалда бут алдындагы жер чөгүп, ылдый карай таштар кулай баштаган. Кадрларга караганда, топтун мүчөлөрү капчыгайдын боорунда болушкан жана кулап келе жаткан таштардан араң качып кутулушкан.
Видео автору учурда тоого тажрыйбасы жетишсиз жаштар көп барарын белгилеп, туристтерди өз күчтөрүнө ашыкча баа бербөөгө жана коопсуздукка олуттуу мамиле кылууга чакырды.
Бокс чокусу Ала-Арча капчыгайында жайгашкан жана анын бийиктиги деңиз деңгээлинен болжол менен 4,3 миң метрди түзөт.









