Франциядагы кырдаал
Франциянын түштүк-батыш аймагындагы кеңири токой өрттөрүнүн айынан, Атлантика жээгиндеги Кап-Ферре курорттук жарым аралынан жашоочулар менен туристтер толугу менен эвакуацияланды. Көптөгөн адамдар кургактык жана суу аркылуу көчүрүлдү. Болжол менен 1 500 адам сууда жүрүүчү таксилер жана чоң кемелер менен Аркашон шаарына жеткирилди.
Гиронда департаментинде өрт менен миңге жакын өрт өчүрүүчү күрөшүп жатышат. Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул аймакта 110 миң адам, ал эми коңшу Ланд департаментинде 31 миң адам эвакуацияланган.
Франциядагы өрттүн кесепеттери
Өрттү өчүрүү учурунда 42 куткаруу кызматынын кызматкери жабыркады. Тилсиз жоо 80 үйдү жана бир кемпингди жок кылды. Бүгүнкү күндө Франциянын аймагында жалпысынан 32 токой өртү катталган. Жыл башынан бери өрт 50 миң гектардан ашык аянтты жок кылды, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе көп.
Испаниядагы кырдаал
Испанияда өкмөт токой өрттөрүнөн улам биринчи жолу өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Мадрид жана Авила провинцияларындагы үч ири өрт очогун азырынча толук көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатат. Бийлик өрттөрдүн биригип кетишинен кооптонууда.
60 миңге жакын адам эвакуацияланып же үйлөрүнөн чыкпоого чакырылган. Кастилия жана Леон өкмөтүнүн өкүлү Никанор Сен Бургогондо аймагындагы өрт Мадрид тараптан жайылып жаткан от менен жакында биригиши мүмкүн деп эскертти. Мадрид автономдуу коомчулугунун башчысы Исабель Диас Аюсо болуп жаткан окуяларды борбордун тарыхындагы эң начар өрт деп атады.
Өрт ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объектке жакындап келе жатат.

























