Жайыл районундагы Петропавловка айылынын тургуну Юрий Доценко өзүнүн бакчасында алманын экинчи түшүмүн алды. Бул алмалар «Белая столовка» сортуна таандык.
Айылчынын айтымында, бул сорттун өзгөчөлүгү — алмалар июль айынын ортосунда бышып, даамы таттуу болгонунда, бирок сакталуу мөөнөтү кыска. Бирок бул жолу күтүлбөгөн окуя болду.
Айылчынын билдирүүсүнө караганда, жай айында бышкан алмалардан кийин дарактар кайрадан гүлдөп, күзүндө экинчи жолу мөмө берген.






