Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Заманбап журналистиканын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Анын алкагында журналист Омурбек Сатаев «Кабар» агенттигине жасалма интеллекттин журналистикадагы артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу айтып берди.
Сатаевдин айтымында, азыркы учурда журналистика өзгөчө абалда турат. Себеби журналисттер жасалма интеллектти колдонуп жатышса, блогерлер социалдык тармактарда активдүү иш алып барышат. Ошол эле учурда алардын статусу дагы эле тактала элек.
Жасалма интеллекттин эки тарабы
Жасалма интеллектти колдонууда эки тарап бар: оң жана терс. Оң тарабы — көпчүлүк учурда жасалма интеллект журналисттерге текст менен иштөөдө, маалымат издөөдө жана талдоодо чоң жардам берет.
Бирок терс жагы да бар. Сатаев белгилегендей, кээ бир учурларда жасалма интеллект текстти адам жазгандай көрүнбөшү үчүн чектөөлөрдү коёт, ал эми кээде өзү белгилүү бир маалыматты кошуп жиберет. Бул терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн, анткени журналисттер мыйзам алдында чоң жоопкерчилик тартышат.
Ошого карабастан, жасалма интеллекттин өнүгүшүнө карабастан, журналисттин ролу дагы деле маанилүү бойдон калууда. Сатаев ар бир иште жасалма интеллектти туура колдонуу зарылдыгын, ал кошумча жардамчы катары жакшы экенин баса белгиледи.












