И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Русский мир Азии» аттуу бешинчи конференция өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымдады.

Катышуучулар Борбордук Азия жана Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдө орус тилинин жана маданиятынын абалын, келечегин талдап, негизги көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүү жолдорун талкуулашууда.

Азия өлкөлөрүнүн көптөгөн студенттери үчүн орус тилин үйрөнүү — билим алуу жана карьералык траекторияларды курууга, эл аралык долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк. Ошондуктан биздин ишибиз лингвистикалык же методикалык гана эмес, чыныгы интеграциялык мүнөзгө ээ: биз көп түрдүүлүккө урматтоо менен жалпы маанилерди жана баалуулуктарды издөө айкалышкан жалпы билим берүү мейкиндигин түзүүгө жардам беребиз.
СВФУ ректору Анатолий Николаев

Конференциянын жыйынтыгы боюнча «Русский мир Азии» эл аралык билим берүү ассоциациясын түзүү жана Түндүк-Чыгыш федералдык университетинде эл аралык орус тили илимий-методикалык борборун ачуу пландалууда.