Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы «Кен-Сай» бажы-логистикалык терминалы ишке кирди. Бул долбоор «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсынын Түштүк филиалынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында ишке ашырылды деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы.
Терминалдын жалпы аянты 8 гектарды түзөт. Жаңы объектте электрондук кезек системасы орнотулган, бул жүк ташуучулардын убактысын үнөмдөөгө жана чек арадагы процесстерди тездетүүгө шарт түзөт.
Белгиленгендей, терминал бир убакта 420 жүк ташуучу автоунааны жайгаштырууга ылайыктуу. Анын ичинен 220 автоунаа импорттоону багытталса, 200 автоунаа экспорттоону камтыйт.







