Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Кен-Сай» автожол өткөрүү пунктунда заманбап бажы терминалы жана электрондук кезек аянты ачылды. Бул тууралуу «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын пресс-кызматы билдирди.
«Кен-Сай» эл аралык өткөрүү пункту күн суткасына 24 саат иштөө режиминде иштейт. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан жана Өзбекстан тараптан «Үч-Курган» пункту менен байланышта.
- 2009-жыл
Өткөрүү пункту иштешинен токтотулуп, консервацияга алынган
- 2024-жыл, 12-сентябрь
Пункт заманбап стандарттар боюнча кайра курулуп, иши кайра баштаган
Бул объект заманбап талаптарга ылайык толугу менен кайра курулган. Ал 15 жыл бою иштебей турган чек ара өткөрүү пунктунун ордуна жаңы технологиялар менен жабдылган.



















