Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы автотранспорттук жүк агымынын интенсивдүүлүгү кескин өскөн. 2026-жылдын алгачкы 10 айында үч авточек ара өткөрүү пунктунда — «Достук», «Кызыл-Кыя» жана «Кен-Сай» пункттарында жалпысынан 74 147 унаа катталган.
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 521 унаага, же 59%га көбүрөөк болуп саналат.
Көбөйгөн жүк агымына карабастан, чек арадан өтүү процессинин сапаты төмөн түшпөгөн. Тескерисинче, бир сааттан аз убакыттын ичинде өтүп кеткен унаалардын үлүшү 53%дан 83%га чейин жогорулаган.
бир сааттан аз убакытта өтүү үлүшү53 %83 % +57%
Бардык үч каралган чек ара өткөрүү пункттарында өтүү убактысынын кыскарышы жана транспорттук каражаттарды тейлөөнүн ыкчамдыгынын жогорулашы байкалууда.
Азыркы учурда Мамлекеттик бажы кызматы бажы процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, транспорттук каражаттарды өткөрүүнү уюштурууну өркүндөтүү жана иштин ачыктыгын камсыз кылуу максатында авточек ара өткөрүү пункттарынын ишин мониторингдөөлөрдү улантууда.









