Жалал-Абад облусундагы Нарын дарыясында жайгашкан Уч-Курган ГЭСинде модернизациялоо иштеринин акыркы этабы аяктады. Энергетика министрлигинин расмий маалыматы боюнча, модернизацияланган төрт гидроагрегаттын ичинен акыркысы болгон №1 агрегат ишке киргизилди.
Иштерди «Электр станциялары» ААКнын генеральный директору Улугбек Мамыралиев жетектеди. 2026-жылы компания №2 жана №1 гидроагрегаттарын ийгиликтүү жаңылоону аяктаган. Бул станциянын тарыхындагы алгачкы ири масштабдагы жаңылоо болду, анткени негизги жабдуулар 60 жылдан ашык убакыттан бери өзгөртүлгөн эмес.
Жабдууларды жаңылоо Кыргызстандын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ. Жаңыланган кубаттуулук электр энергиясын чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылат.
Өткөрүлгөн модернизация станциянын тарыхындагы маанилүү окуя болду. Бул чоң өндүрүштүк ийгилик болуп саналат жана ал жогорку техникалык даярдыкты, адистердин тыгыз иштешин, натыйжалуу башкарууну жана процесстерди сапаттуу уюштурууну талап кылды.










