Жалал-Абад облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун тургундары менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Бул талкууда жергиликтүү №68 кесиптик лицейдин директорунун орун басары А. Ю. боюнча олуттуу даттануулар көтөрүлдү.
Тургундардын айтымында, лицейдин мугалимдери окуучуларга стипендия берилбей жаткандыгы жана мугалимдерден акча чогултулгандыгы боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок, аталган кызматкер дагы деле өз кызматында иштеп жатат.
Биз А. Ю. боюнча даттануу менен келдик. Ал мурда лицейдин директорунун милдетин аткарган, ал эми азыр окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатат. Мугалимдер райондук билим берүү бөлүмүнө, акимдикке, министрликке жана облустук прокуратурага кайрылышкан. Аудит келди, текшерүү жүрдү, учурда иш материалдары МБББда (ГКНБ). Бир нече ай өттү, бирок тергөө жүрбөй жатат. Биз окуучуларга стипендия берилбей жатканын жана мугалимдердин жумуштан четтетилгенин билдирдик. Жардам сурайбыз, биз көптөгөн фактыларды келдирдик, бирок чара көрүлбөй жатат, ал дагы деле иштеп жатат.
Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, лицейге байланыштуу иш учурда тергөө стадиясында турат.
Акимдин маалыматы боюнча, аталган педагог мурда мекеменин жетекчисинин милдетин аткарган, текшерүүдөн кийин ал кызматтан алынып, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп которулган. Бул маселе боюнча министрликке жеке өзү билдиргендигин айтты. Министрлик кызматкерди түздөн-түз жумуштан бошото албайт, анткени бул укук жаңы дайындала турган директордо гана болот.



















