«Манас» эл аралык аэропортунда 40 миң чарчы метр аянты бар заманбап жүк терминалын куруу иштери башталмакчы. Бул долбоор Кыргызстанды Кытайдан Европа жана Жакын Чыгыш багыттарына товар ташуучу эл аралык логистикалык хаб катары калыптандырууга багытталган.

«Кыргызстандын аэропорттору Манас» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Ачык кабинет: жоопкерчилик зонасы» медиапроектисынын алкагында бул тууралуу маалымдады. Анын айтымында, терминалды куруу аэропорттун өз каражатынын эсебинен ишке ашырылат.

40 000 м² терминалдын аянты

Жаңы курулуштун жалпы аянты ушундай өлчөмдө болот.

Долбоордун алкагында А жана В класстагы бондолук складдар курулат. Алар эл аралык логистикалык компаниялардын талаптарына жооп берип, ар кандай түрдеги жүктөрдү сактоого ылайыкташтырылат.

Жөн гана склад куруу жетишсиз. Эл аралык логистикалык компаниялардын өз стандарттары бар. Аларга жооп берүү үчүн лабораторияларды жана атайын сактоочу жайларды караш керек. Мисалы, коркунучтуу жүктөрдү, медициналык препараттарды, тез бузулуучу азыктарды жана өсүмдүктөрдү сактоо үчүн шарт түзүү зарыл. Ошондой эле айрым категориядагы жүктөр үчүн стерилдүү бөлмөлөр талап кылынат.
Манасбек Самидинов

Манасбек Самидинов Кыргызстандын географиялык абалы мындай логистикалык борборду түзүү үчүн абдан ыңгайлуу шарттарды түзөөрүн белгиледи. Өлкө Кытай менен чектешип, Жакын Чыгыш жана Европа багыттарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Долбоордун негизги идеясы — Кытайдан автотранспорт менен келген товарларды Кыргызстанга алып кирип, аэропорттогу бондолук складдарда жайгаштыруу болуп саналат.