Аксый районунун Кербен шаарына караштуу Кызыл-Капчыгай айылында балдар мурдагы мончонун имаратында тарбияланып жатканы белгилүү болду. Бул маселе Жалал-Абад облусундагы Президенттин толук өкүлүнүн өкүлү Тилек Текебаевтын жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда көтөрүлдү.
Айыл тургуну Адылбек Отомбаевдин айтымында, учурдагы имарат бала бакча үчүн эмес, колхоздор турган мезгилде мончо катары курулган. Ошондуктан ал жерде санитардык нормалар сакталбайт жана жаңы типтүү бала бакча куруу зарыл.
Имарат мончо катары ыңгайлаштырылып курулган, ал бала бакчага туура келбейт жана санитардык нормаларга жооп бербейт. Оорулар пайда болбогонуна ким документ берет? Келечектеги балдар үчүн нормаларга жооп берген типтүү бала бакча керек.
Райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси бул бала бакча алардын катуу көзөмөлүндө экенин билдирди. Имарат бала бакча катары иштеп баштаганга чейин санитардык иштер жүргүзүлгөнү жана андан кийин балдар кабыл алынгандыгы айтылды.
Балдар бакча жөнүндө маалымат
Ошондой эле жергиликтүү тургундар айылдын арыгынан келген сууну ичүү үчүн колдонушканын жана суу топтоло турган жер ачык экенин кошумчаланып, бул дагы кооптуу жагдай катары белгиленди.

















