Бүгүн, 19-ноябрда, жайыттарды натыйжалуу башкаруу жана алардын абалын көзөмөлдөө маселелерин чечүү максатында улуттук тегерек стол болуп өттү. Аталган талкууга мамлекеттик органдар, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), эл аралык уюмдар жана өнөктөш долбоорлордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жайыттардын абалы, деградацияга учураган аймактарды калыбына келтирүү, инфраструктураны жакшыртуу жана башкаруу системасын санариптештирүү сыяктуу маанилүү маселелер каралды.

8 985 000жайыттардын жалпы аянты (гектар)
184 000деградацияга учураган аянты (гектар)

Айрыкча, жайыттарды жакшыртуу боюнча 2026–2027-жылдарга каралган программанын максаттары жана 2030-жылга чейинки пландар талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусун күчөтүү зарылчылыгы белгиленди.