Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Назарали Ариповдун Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында жолугушуу өттү. Анда эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле чек ара аймактарында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды.

Жолугушууга Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана аймактын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Бактыбек Токсонбаев Назарали Ариповду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары эки өлкөнүн, анын ичинде чек арага чектеш аймактардын кызматташтыгы жаңы багыттар боюнча өнүгөөрүнө ишеним билдирди.

Баткен облусу үчүн Тажикстан менен туруктуу, ишенимдүү жана ынак кошуна мамилелер өзгөчө мааниге ээ.
Бактыбек Токсонбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары

Ошондой эле президенттин өкүлү элчиге мамлекеттик органдардын бул багыттагы иштери тууралуу маалымат берди.

Мурда түзүлгөн мамлекеттер аралык макулдашуулардын жана жетишилген келишимдердин алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Назарали Арипов Баткен облусунун өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин белгиледи. Анын айтымында, артыкчылыктуу багыттардын бири Тажикстан менен ар тараптуу байланыштарды, өзгөчө соода тармагында кеңейтүү болушу керек.

Тараптар Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун ортосундагы байланыштарды кеңейтүү боюнча чараларды белгилешти.