ГКНБнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапкери Откурбек Рахманов 5 миллион сомдон ашык турган Кокум-бийдин эстелигин жасоо боюнча талаш-тартышка комментарий берди. Ал бул ишке Ташиевдин тиешеси жок экенин, эстеликтин заказчысы менен Ташиевдин туугандык мамилеси бар деген маалыматты четке какты.

Рахманов бул билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, талаш скульптор Алмазбек Окоев менен ишкер Абдулдабек Кочорбаевдин ортосунда Кокум-бийдин эстелигин жасоо үчүн төлөм боюнча келип чыккан.

Биринчиден, Абдулдабек Кочорбаевдин генерал-полковник Камчыбек Ташиев менен эч кандай жакын туугандык мамилеси жок
Откурбек Рахманов, Камчыбек Ташиевдин тарапкери

Рахманов ошондой эле ГКНБнын мурдагы жетекчисинин скульптурага заказ берүүгө, аны жасоого же 5,4 миллион сом сыйакы төлөөгө эч кандай тиешеси жок экенин баса белгиледи.

Бул эки тараптын ортосундагы таза жеке келишимдик жана каржылык талаш. Ага саясий өң берип, Камчыбек Ташиевдин ысымын аралаштыруунун эч кандай зарылчылыгы жок
Откурбек Рахманов, Камчыбек Ташиевдин тарапкери

Рахманов ар бир адам өз иш-аракети жана милдеттенмелери үчүн өзү жооп бериши керектигин, ал эми талашты мыйзам алкагында чечүү зарылдыгын кошумчалады.

Буга чейин Талас облусунун тургуну президент Садыр Жапаровдун Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолугушуусунда Кокум-бийдин скульптурасын 5,5 миллион сомго жасап бергенин, бирок акысын ала электигин айтып даттанган. Арыз ээси бүткөн ишти заказчыга өткөрүп бергенин билдирген.