Эмгек министри Канат Сагынбаев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эки социалдык стационардык мекемеге барды.
Ал Бакай-Атин районунда жайгашкан карыялар жана майып жарандар үчүн жалпы түрдөгү социалдык стационардык жай жана Покровск айылындагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде болду.
Министр мекемелерде жашаш шарттары, кароолуу жана медициналык кызматтардын уюштурулушу, жабдуунун жеткиликтүүлүгү, тамактануунун сапаты менен таанышып, карыдарлар менен кызматкерлер менен баарлашты.
Ал ошондой эле мекеме жетекчилери менен алардын ишмердүүлүгү, кадр саясаты, инфраструктура абалы жана социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча кийинки кадамдар жөнүндө пикир алышты.
Министр тиешелүү тапшырмаларды берип, социалдык камтуу системасын чыңдоого багытталган иштерди улантууну талап кылды.





