Жогорку соттун «Санарип сот адилеттиги» порталында жарыяланган токтомуна ылайык, Түштүк Кореянын жараны, «В» ЖЧКсынын башкы директору болгон Мин Джун Инчхон шаарынан Бишкекке унаа жана атайын техникаларды жеткирүү боюнча келишимдерди түзгөн. Кылмыш ишинин материалдарында ысымдар өзгөртүлгөн.
Биринчи окуя 2023-жылдын 9-сентябрында болгон. Ал «S» ЖЧКсынын өкүлү менен жалпы баасы 56 миң долларлык беш унаа салынган контейнерди ташуу боюнча келишим түзгөн. Ишкер жүктү бир айдын ичинде Кыргызстанга жеткирүүгө милдеттенген. Ташуу кызматы үчүн 12,5 миң доллар алган, бирок милдеттенмесин аткарган эмес.
Иштин материалдарына ылайык, кийинчерээк ал унааларга жасалма документтер жасалып, алар үчүнчү жактардын атынан Кыргызстанга алып келинген жана бөлөк сатып алуучуларга сатылган. Натыйжада жабырлануучу ташууга төлөнгөн акчасынан да, өзүнө таандык унааларынан да ажыраган. Бул эпизод боюнча жалпы зыян 68,5 миң долларды, болжол менен 6,05 миллион сомду түзгөн.
Экинчи эпизод баасы 100 миң долларлык эки экскаваторду ташууга байланыштуу. Бул жерде да келишим түзүлүп, техникалар кардарга жеткирилген эмес, акча өздөштүрүлгөн.
Соттун чечими
Сот эки окуяны тең карап чыгып, Мин Джунду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка күнөөлүү деп тапты. Ага алты жыл эркинен ажыратуу жазасы дайындалды. Кошумча катары мүлкү конфискацияланып, бир жылга ишкердик кылууга тыюу салынды.
Келтирилген зыян


















