Ноокат районунун тургуну, уулу ошол учурда ВИЧ жуктуруп алган эне 24.kg басылмасына билдиргендей, апрель айында президент Садыр Жапаров Ош облусунун жашоочулары менен жолугушканда, ВИЧ жуктуруп алган балдардын энелери мамлекет башчысына турак-жай маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Анда Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине жана Ноокат районунун акимине бул көйгөй менен алектенүүнү тапшырган. Ошондо турак-жайды ипотека аркылуу жеңилдетилген шарттарда берүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

Ошондон бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. Бул убакыт ичинде биз Саламаттык сактоо министрлигине алты жолу кайрылдык, бирок эч кандай натыйжа жок
Ноокат районунун тургуну, уулу ВИЧ жуктуруп алган эне

Анын айтымында, жабыр тарткан балдардын ата-энелери кайрадан биригип, Бишкекке келүүнү пландап жатышат. Алар президентке, спикерге жана акыйкатчыга кайрылууну көздөшүүдө.

Сентябрда биздин балдар ВИЧ жуктуруп алганына так 20 жыл толду. Мамлекеттин катасынан улам алар өмүр бою жуктуруунун кесепеттери менен күрөшүүгө аргасыз. Бирок бизди колдоосуз калтыруу — бул адилетсиздиктин чеги. Биз ушул жылдар бою адилеттүүлүккө жетүүгө аракет кылып жатабыз, бирок бизди укпай жатышат
Жабыр тарткан баланын энеси

Июнь айында Жогорку Кеңеште Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбараа Ишенапысова ооруканаларда ВИЧ жуктуруп алган балдары бар 50гө жакын үй-бүлөгө квартира берүү пландалып жатканын билдирген.