Сот өкүмүнө ылайык, эркек киши жабырлануучулардын уулун Орусиядагы түрмөдөн бошотуп берем деп, алдамчылык жолу менен ири суммадагы акча алган. Апелляциялык инстанция квалификацияны өзгөртпөстөн, соттолуучунун жашын эске алып, жаза мөөнөтүн 8 жылдан 7 жыл 6 айга чейин кыскарткан. Ошондой эле, ал чет өлкөлүк жаран катары жазасын өтөгөндөн кийин өлкөдөн чыгарылып жиберилүүгө тийиш.
Иштин чоо-жайы
Материалдарга ылайык, 2023-жылдын май айында Кадамжай районунун тургуну, Орусиянын жараны М.Э.Р. аттуу киши Орусиянын аймагында жүрүп, тергөө аныктай албаган башка бир адам менен алдын ала сүйлөшүп алган. Ал WhatsApp мессенжери аркылуу Өзбекстандын жарандары менен байланышка чыккан. Алардын уулу Орусияда баңгизат иши боюнча соттолуп, камакта отурган.
Айыпталуучу М.Э.Р. жаш жигитти камактан бошотуп берем деп убада берип, бул кызматты кепилденгендей көрсөткөн. Ал убаданын негизинде Кыргызстандагы коммерциялык банктардын бири аркылуу болжол менен 2,9 миллион рубль которулган. Андан кийин дагы 1500 долларды «кызмат акысы» катары алган. Акча бир нече банктык карталарга бөлүп-бөлүп которулган.
Жабырлануучу тарапка келтирилген жалпы материалдык зыян 3 миллион 213 миң 706 сом 40 тыйынды түзгөн. Тергөө учурунда зыяндын 3 миллион сому өндүрүлүп берилген.
Алдамчылыктын суммасы
Соттун чечими
Сот аны өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү уурдоого күнөөлүү деп тапты. Баштапкы өкүм боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган болсо, Баткен облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы мөөнөттү 7 жыл 6 айга кыскартты. Мындай чечим соттолуучунун жашынын эске алынышы менен байланыштуу. Ошондой эле, ал Орусиянын жараны болгондуктан, жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргызстандан чыгарылып жиберилет.
Иштин материалдары Кыргыз Республикасынын сот актыларынын мамлекеттик реестринде жарыяланган.















