Кыргызстандын СПЕКАдагы төрагалыгы өзгөчө орунду ээлейт. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан СПЕКА экономикалык форумунда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан өзүнүн төрагалыгын эл аралык милдеттерди аткаруу гана эмес, аймактык кызматташтыктын жаңы сапатын калыптандырууга салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары карай турганын баса белгиледи.

Өз ара байланыштыруу маселелери СПЕКА өлкөлөрү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кыргызстан бул багытта ырааттуу иш алып барууда жана бүгүн биз конкреттүү чаралар менен натыйжалар жөнүндө айта алабыз. Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылды. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү уланууда, бул жүк жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга, аймактын транзиттик потенциалын кеңейтүүгө жана СПЕКА өлкөлөрүнүн тышкы рыноктор менен соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Адылбек Касымалиев, КР министрлер кабинетинин төрагасы

Касымалиевдин айтымында, Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылган, бул эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө жана жүргүнчүлөрдүн ишенимин арттырууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул долбоор жүк ташуу мөөнөттөрүн кыскартып, аймактын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, СПЕКА өлкөлөрүнүн тышкы рыноктор менен соода-экономикалык алакасын чыңдоого өбөлгө түзөт.