Каржы министрлиги «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоо чараларынын алкагында РКФРдин пайыздык чендерин субсидиялоону карады. Бул тууралуу министрлик республикалык бюджеттин такталган долбооруна карата түшүндүрмө катында билдирди.

Мындан тышкары, Каржы министрлиги «Супара» этнографиялык комплексин түзүү долбоору үчүн да РКФРдин пайыздык чендерин субсидиялоого каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

«Ала-Тоо Резорт» долбоору мамлекеттик маанидеги долбоор болуп саналат. Аны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн «Ала-Тоо Резорт» ААКсынын презентациялык материалдарында долбоор үч зонага бөлүнгөнү көрсөтүлгөн: Жыргалан курорту 1624,66 га, Ак-Булак 945,92 га, Боз-Учук 1345,0 га аянтты ээлейт. Буга чейин долбоор «Три вершины» тоо-лыжа комплекси деп аталчу.

Президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорттун» биринчи этабын 2026-жылдын 1-декабрында, экинчи этабын 2027-жылы, үчүнчүсүн 2028-жылы ачуу пландалып жатканын билдирген.