Гульнараа Кадыркулова кызынын жеке менчик стоматологиялык клиникада иштегенин, кийинчерээк ал клиника менен мамлекеттик клиниканын ортосунда жасалма келишим түзүлгөнүн айтты.

Анын айтымында, бир клиниканын жетекчиси акталган, экинчисине пробация берилген, ал эми кызы менен күйөө баласы камакта калган. Жубайлар камакка алынганда алардын баласы беш айлык болчу.

Кызым жеке менчик стоматологиялык клиникада иштеген, кийинчерээк ал клиника менен мамлекеттик клиниканын ортосунда жасалма келишим түзүлгөн.
Гульнараа Кадыркулова, соттолгон стоматологдун апасы

Трагедия 2023-жылдын аягында болгон. Үч жашар бала стоматологиялык дарылоодон кийин каза болгон. Бир жылдан кийин сот өкүм чыгарган: анестезиолог алты жылга, стоматолог Айганыш Кадыркулова беш жарым жылга, анын күйөөсү Данияр Таалайбеков документтерди жасалмалоо боюнча беш жылга эркинен ажыратылган.

КММАнын Медициналык борборунун мурунку жетекчиси пробация алган, ал эми жеке менчик стоматологиялык клиниканын директору акталган.

Сот өкүмү

6 жыланестезиологго
5,5 жылАйганыш Кадыркуловага
5 жылДанияр Таалайбековго
ПробацияКММА МЦнын мурунку жетекчисине