Сыноо 3-ноябрда өттү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги №1002 участка жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги №1204 участка тандалып алынды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Адистер келе жаткан президенттик шайлоо үчүн атайын модулдун иштешин, системанын жүктөмгө туруктуулугун жана шайлоочулардын өздүгүн онлайн аныктоо механизмин текшеришти.

Аралыктан добуш берүү системасы шайлоочуга каттоодо турган жерине карабастан, өзүнө ыңгайлуу каалаган участкада добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сыноонун жүрүшүндө ушул механизм да иш жүзүндө каралды.

Кийинки кадам — 18-ноябрдагы жалпы республикалык сыноо

Бул иш-чара 18-ноябрга пландаштырылган жалпы республикалык сыноого даярдыктын баштапкы баскычы катары бааланууда. Ага чейин системанын иштеши дагы бир нече жолу текшерилет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.

  1. 3-ноябрь 2026-жыл

    Бишкектеги эки ЖОЖдо аралыктан добуш берүү системасын локалдык тесттен өткөрүү

  2. 18-ноябрь 2026-жыл

    Жалпы республикалык сыноо өткөрүү пландалууда

  3. 27-январь 2027-жыл

    Президенттик шайлоо күнү