Бишкекте Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жыйында Касымалиев Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды канааттануу менен байкап жатканын белгилеп, эки элди кылымдардан берки боордоштук байланыштар бириктирип турарын баса белгиледи. Ал акыркы жылдары эки өлкө башчыларынын ишенимдүү мамилелеринин аркасында эки тараптуу кызматташтык сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн, былтыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапары эки өлкө ортосундагы мамилелердин союздук мүнөзүн ырастаганын кошумчалады.

«Бүгүнкү расмий сапарыңыз эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенем», — деди Адылбек Касымалиев.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын туруктуу оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Суу-энергетикалык чөйрөдөгү жана туризм тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын эл аралык жана аймактык аянтчалардагы өз ара колдоосунун деңгээлине жогору баа берилип, салттуу достук байланыштарды бекемдөөгө көмөктөшүүчү маданий-гуманитардык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү маселелери каралды.

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү маанилүүлүгүн баса белгиледи.