Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, иш-чарага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов катышты.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө Адылбек Касымалиев эки өлкө 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатканын белгиледи.

Анын айтымында, форумдун алкагында Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары Казакстандын алты аймагы менен кызматташуу келишимдерине кол коюшат. Алар — Алматы, Жети-Суу, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Караганды жана Кызыл-Ордо облустары.

Ранее по темеБишкекте Кыргызстан менен Казакстандын экинчи аймактар аралык кызматташтык форуму башталды

Өкмөт башчысы өз ара сооданы кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана аймактар ортосундагы түз байланыштарга өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

  • «Ак-Тилек — Кара-Суу» өткөрүү пунктунун жанындагы индустриалдык соода-логистикалык комплекси
  • Алматы шаарынын жанындагы дүң соода борбору
«Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда маанилүү милдет турат — мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин аймактар деңгээлинде конкреттүү натыйжаларга айландыруу, биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашырууну, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүнү, өз ара сооданы кеңейтүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыздоо»
Адылбек Касымалиев, КР министрлер кабинетинин төрагасы

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов форумдун эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөдөгү маанисин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, «Кабар» маалымат агенттиги 2026-жылдын 30-октябрында тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Казакстан өз ара сооданы 2030-жылга чейин 3 миллиард долларга жеткирүү милдетин койгон.