Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 27-октябрында жаран М.Ш. арыз менен кайрылган. Ал ЖАЭК кызматкери андан акча талап кылганын билдирген.
Арыз ээсинин айтымында, тергөөчү өзүнө тиешелүү материал боюнча оң чечим кабыл алыш үчүн 100 миң сом талап кылган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүү Б.Б.ны 60 миң сом алып жаткан жеринен кармашкан.
Кармалган кызматкер ким?
Кармалган адам Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу ЖАЭКтин тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү экени аныкталды.
Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш ишинин иликтөөсү уланууда.



















