Бишкек, 29-октябрь. Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов бүгүн Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желеги илинип, кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Расмий иш сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектенов Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна катышып, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин он төртүнчү жыйынын өткөрүшөт.