30-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Казакстандын экинчи аймак аралык кызматташтык форуму өттү. Иш-чара «Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө аймактардын ролу» темасына арналды.

Кол коюлган документтер

Форумдун алкагында аймак аралык, ведомстволор аралык жана ишкердик кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган 14 документке кол коюлду. Алардын арасында аймактар ортосундагы меморандумдар жана бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча макулдашуулар бар.

  • Чыгыш Казакстан облусунун акимиаты менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
  • Акмоло облусунун Щучинск — Бурабай курорттук аймагы менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл көлүнүн курорттук аймагы ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жана кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашуу.
  • Жалал-Абад облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Алматы облусу ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  • Жалал-Абад облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кызылорда облусу ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Форумдун төрагалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов болушту. Алар аймактар ортосундагы байланыштарды чыңдоо эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө салым кошорун белгилешти.