Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жол өткөөлдүн каптамасы бузулган. Сүрөттөрдө чоң тешиктер жана кабыгынан ажыраган панелдер так көрүнүп турат.
Бир нече жерде каптама талкаланып, астынан эски таш бети көрүнүп калган. Панелдердин бир бөлүгү деформацияланып, айрым фрагменттери ийилип, бузулган.
Белгилей кетчү жагдай, жол өткөөл бир нече ай мурун гана оңдолгон. Иштер 2026-жылдын май айында башталып, августта каптаманы алмаштыруу аяктаганы кабарланган.
Эске салсак, жайында Бишкек мэриясы колдонулган материалдардын сапаты боюнча өзүнчө түшүндүрмө берген.
Муниципалитет алюкобонд колдонулган деген маалыматты четке кагып, объектте HPL-панелдер орнотулганын билдирген. Ошондой эле мурунку гранит каптама авариялык абалда болуп, жарым-жартылай кулап жатканы айтылган.
Реконструкциянын алкагында мэрия фасаддарды заманбап материалдар менен жаңыртып, декоративдик панелдерди орнотуп, жарыктандырууну модернизациялап, жабууларды калыбына келтирүүнү убада кылган.
Бирок азыр жаңыртылган конструкцияда кайрадан олуттуу бузулуулар пайда болду.
Каптаманын бузулушунун себептери азырынча белгисиз. Алар материалдардын сапатына, монтажга, сырткы механикалык таасирге же башка жагдайларга байланыштуубу — такталган жок.




















