Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстандын Ички иштер министрлигине караштуу Башкаруу академиясына барды. Бул сапар анын Казакстандагы жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Министр академиянын билим берүү процесси, материалдык-техникалык базасы жана илимий-практикалык ишмердүүлүгү менен таанышты. Ага ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоодо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда колдонулган заманбап ыкмалар көрсөтүлдү.

Тараптар билим берүү технологияларын колдонуу, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Мындай жолугушуулар эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кадрларды даярдоо багытында тажрыйба алмашууга багытталган.