Кара-Кул шаарынын муниципалитети билдиргендей, жыйынга шаар мэри Азамат Турдубеков төрагалык кылып, комиссия мүчөлөрү катышты.
Жыйында 12 тургундун кайрылуусу каралды, анын 6 арызы жер маселелерине тиешелүү болгон.
Тактап айтканда, жер участокторунун максаттуу багытын көрктөндүрүүдөн турак-жай курууга өзгөртүү, Эш-Сай айылына жол куруу жана аны таза суу менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Комиссия мүчөлөрү тургундардын кайрылууларын карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

















