Кара-Кул шаарында 28-октябрда ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Иш-чараны шаар мэриясы прокуратура жана салык кызматы менен биргеликте уюштурду.

Жолугушууга шаар мэри Азамат Турдубеков, прокурор Ильичбек Исамамбетов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Толонов, салык кызматынын жетекчиси Айбек Көлбаев, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Жамилия Кочконбаева, ошондой эле ишкерлер жана жеке ишкерлер катышты.

Мэр ишкерлерди соода борборлорунун айланасын таза кармоого, жакын жерлерди көрктөндүрүүгө жана такталарды шаардын бирдиктүү дизайн-кодунун талаптарына ылайык келтирүүгө чакырды.

Шаар мэри ишкерлерди соода борборлорунун айланасын таза кармоого, жакын жерлерди көрктөндүрүүгө жана такталарды шаардын бирдиктүү дизайн-кодунун талаптарына ылайык келтирүүгө чакырды.
Мэриянын басма сөз кызматынан

Прокуратуранын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун № 36-б «Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө» буйругунун негизинде баяндама жасашты. Ошондой эле прокурор 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия» жөнүндө маалымат берди.

Санитардык көзөмөл борборунун өкүлдөрү Кыргызстандагы халал индустриясы тууралуу айтып беришти. Салык кызматынын өкүлдөрү да баяндама жасашты.