Түп районунда жер маселелери боюнча кезектеги кеңешме болуп өттү. Turmush кабарчысы билдиргендей, жыйынга райондук кызматтардын жетекчилери, айыл аймактарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле архитектура, мамлекеттик каттоо жана кадастр органдарынын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө район үчүн көп жылдар бою көйгөйлүү бойдон калган маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, жайыт жерлери, ташталган участоктор, мыйзамдаштырылбаган жер үлүштөрү, ошондой эле курулушка арналган аймактарга байланыштуу талаштуу жагдайлар талкууланды.
Ар бир айыл аймагында жер жана жер амнистиясы боюнча көйгөйлөр каралып, район жетекчиси тарабынан аларды жеринде ыкчам чечүү үчүн тапшырмалар берилди.
Түп районунда жер амнистиясын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргенден кийин башталган.
Жер амнистиясы боюнча арыздар
Бүгүнкү күндө жер амнистиясы боюнча комиссияга жалпысынан 5 миң 667 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 4 миң 840ы коомдук талкуудан өттү, 822 арыз кайтарылды, дагы 106сы кароодо турат.


























