Иран расмийлери Вашингтон менен дипломатиялык байланыштар сакталып жатканын, бирок келишимге жетишүү үчүн азырынча прогресске жетишилбегенин билдиришти. Бул тууралуу Иран Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи маалымдады.
Анын айтымында, АКШнын мурунку позициясы Тегеранга дипломатиялык жөнгө салуу келечегин оптимизм менен баалоого мүмкүндүк бербейт. Ошого карабастан, Иран өз кызыкчылыктарын коргоо жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууга ниеттенүүдө.
АКШнын Ирандын укуктарына жана талаптарына берген жообу ишендирерлик болгон жок. Ормуз кысыгын ачуу үчүн Ирандын жети шартына толук жана так жооп берилип, алар аткарылышы керек. Ошондо гана Ормуз кысыгы ачылат.
Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошондой эле иран куралдуу күчтөрү максималдуу даярдык абалында турганын жана жаңы чабуулдар болгон учурда жооп кайтарууга жөндөмдүү экенин баса белгиледи.
Катар ортомчу катары
Вашингтон менен Тегерандын ортосунда ортомчу катары Катар чыгууда. Ал чыңалууну төмөндөтүүгө жана Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарын калыбына келтирүүгө аракет кылууда.
30-октябрда катарлык ортомчулар Тегеранда иран делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Андан соң консультациялар Дохада улантылып, эки күн бою тараптар жөнгө салуунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.















