Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын аймагын инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толук аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

327 чакырым Орнотулган тосмонун жалпы узундугу

Чек арага орнотулган тосмонун узундугу 327 чакырым 500,4 метрди түздү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, аткарылган иштердин алкагында жүздөгөн чакырым талаа жолдору да салынган.

Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун алкагында чек ара мамыларын орнотуу иштери улантылууда.

Иштердин аяктагандыгы тууралуу маалымат Баткен облусунун 2026-жылдын январь–сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгаруу учурунда берилди.