30-июлдан 1-августка чейин Иссык-Көлдө жолдун бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул мөөнөт аралыгында Тамчы аэропортунан Чолпон-Атага байланышкан жол айрым учурларда тосулушу күтүлүүдө.

Жолдун тосулушу Өзбекстан жана Азербайжан мамлекет башчыларынын Иссык-Көлгө жасай турган визиттери менен байланыштуу. Бул убакытта аймакта мамлекет башчыларынын саммити да өткөрүлөт.

Жолдун убактылуу жабылышы жергиликтүү тургундар менен айдоочулар үчүн олуттуу ыңгайсыздык жаратпашы үчүн алдын ала кабарланды.