Бишкек шаарында Чүй проспектисинин №146 дарегинде жайгашкан үйдүн дольщиктери төрт жылдан ашуун убакыттан бери курулуш иштерин баштоо мүмкүн болбой жатканын билдиришти.

Алардын айтымында, керектүү уруксат документтери бар болууга карабай, курулушту баштоого жакын жайгашкан Beta Stores соода борборунун администрациясы тоскоолдук кылууда.

Бул маселе тууралуу дольщиктер 24.kg басылмасына кабарлашып, курулуштун үзгүлтүккө учурашын ушул тоскоолчулук менен байланыштырды.