Сентябрда Кыргызстанга Кытайдан атайын медициналык учак келет. Бул учакта кытайлык адистер көз ооруларын дарылоого багытталган жогорку технологиялык операцияларды акысыз өткөрөт.

Кыргызстан «Аэропорттор» ачык акционердик коомунун маалыматына ылайык, операциялар өлкө калкы үчүн өтүп, медициналык миссия аяктагандан кийин учак 24-сентябрда Каракол аэропортунда өтүүчү авиафестивальде катышат.